Бүгүн, 29-июлда саат 08:00гө карата Бишкек шаарындагы стационарларда 1398 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Стационарлардын тизмеси:
— Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок;
— Темир жол ооруканасында 13 орун;
— Улуттук хирургия борборунда 21 орун;
— Улуттук госпиталда 172 орун;
— №1 интернатта 90 орун;
— Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунда 204 орун;
— №1 шаардык ооруканада 41 орун;
— мурунку «Ганси» авиабазасынын аймагындагы пунктта 545 орун;
— Интергельподо бош орун жок;
— Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын билим берүүчү мектеп-интернатында 54 орун;
— «Discovery» мейманканасында 27 орун;
— «Rixon» мейманканасында 23 орун;
— «Ынтымак» медресесинде 38 орун;
— Республикалык наркология борборунда 90 орун;
— Д.Асанов атындагы аскер лицейинде 50 орун;
— Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталында 15 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда 15 орун.