• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги талапка жооп бербеген балдар аянтчасын ким көзөмөлдөйт?

28 Кулжа 2022 15:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндөгү жаш балдар үчүн аянтчалардын эскилиги жетип, учурдун талабына жооп бербейт.


Сиздер көрүп турган бул аянтча Эркиндик бульварында жайгашкан. Сүрүлүп түшүүчү бул жабдыктын дагы талапка ылайык келбегенин кичинекей бул жеткинчек айтып берди.

Ал эми бул аянтча Кызыл-Аскердеги Мессароша көчөсүндө жайгашкан. Бул жердин ойноочу жабдыктардын коопсуздугу мында турсун, таштандылары дагы тазаланбайт.

Бул маселе тууралуу Бишкектин мэриясына кайрылганыбызда, акимчиликтен суроо-талап болсо карала турганын билдирди.

Количество просмотров: 113