• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкектеги талаш жараткан имараттын суусу менен жарыгы өчүрүлдү

1 Жалган куран 202411:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта Бишкектеги Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулду. Маалыматты Бишкек мэриясынан тастыкташты.

Мэриядан билдиришкендей, жеринде комиссия иш алып барууда.

«Жашоочулардын арасынан бир гана үй-бүлө муктаждыгынан улам муниципалдык батирге жайгаштырылды»,-деп билдиришти мэриядан.

Орто-Сай базарынын жанындагы имаратка милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барганы белгилүү болду.

Аталган имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын айтып, нааразы болушууда.

Количество просмотров: 218