• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектеги убактылуу стационарларда үч адам каза болду

5 Теке 202019:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги убактылуу стационарларда бир күндө үч адам каза болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэрия шаардыктарды үйдөн чыкпоого, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

«Бүгүн күндүзгү стационарлардан 3 киши каза болду. Аларга ооруканадан бош орун табылган эмес. Көз жумгандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтабыз. Сураныч, колдон келишинче үйдө болуңуздар. Социалдык аралыкты сактаңыздар», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин борбор калаанын төрт районунда күндүзгү стационарлар ачылган. Ага сасык тумоо же пневмонияга кабылгандар кайрыла алат. Ал жерде кеп-кеңеш жана асма укол алса да боло турганы айтылган эле.

Количество просмотров: 3409