Борбордогу Улуттук онкологиялык жана гематология борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштеп баштады. Ал онкологиялык жана гематологиялык ооруларга диагноз коюп жана көзөмөлгө алууга багытталган.
Аталган борбордо эксперт класстагы United Imaging uMR 588 МРТ алгачкы жолу иштей баштады. Борбордо иштеген адистер бул аппарат башталгыч абалдагы, адам организминде анатомиялык жана функционалдык бузулуу баштала электе эле дартты аныктай ала тургандыгын айтышты.
Мындай методика иш жүзүндө кенедей өзгөрүүлөрдү, анын ичинде шишиктердин жайылып бараткандыгын натыйжалуу көрсөтө алат. Ошону менен оор дарттарга диагноз коюу жакшыра тургандыгы да белгиленди.