Бишкек шаарындагы жаңы ачылган ден соолук эс алуу багына салынган даараткана талкууга алынды. Социалдык тармактын колдонуучулары даараткананын дубалдары айнектен жасалганын айтып, бул долбоорду колдогон мэриянын ишин сындашууда.
Алардын айтымында элдер айнек дубалдуу дааратканага кирүүдө ыңгайсыздык болуп жатканын айтышкан.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы курулган. Президент Сооронбай Жээнбеков сейил багына барганында коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган болчу.