• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектен — Ошко багыт алган“Tez Jet”авикомпаниясынын самолету учпай калды

11 Аяк оона 2018 19:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV
Бишкектен-Ошко уча турган, “Tez Jet” авиакомпаниясынын  самолету «Манас» аба майданында учпай калды.
“Жүргүнчүлөрдүн бири учак бортуна отургандан кийин самолет бираз кыймылдап, токтоп калды. Андан кийин жүргүнчүлөрдү кайрадан аэрепорттун залына алып келип, башка учак менен учаарыбызды айтты”,- деп билдирди.
Бул туурасында “Tez Jet” авиакомпаниясынын  өкүлдөрү самолет учаардан мурунку жүргүзүлгөн техникалык көзөмөлүнө байланыштырышып, учактын 1саатка кармалганын айтышты.

Эске салсак, бул көрүнүш аталган компаниянын самолетунда биринчи жолу болуп жаткан жок. Үстүбүздөгү жылдын,1-мартында Бишкектен Баткенге учкан “Тез жет” авикомпаниясы тез жетпей эле бир мо­тору күйүп кетип, жүзгө жакын адам кайра тирилгендей эле болушкан. Бактыга жараша борттогу жүргүнчүлөрдүн Кудайга жалынып-жалбарганы менен келмеси сактадыбы же учкучтардын чеберчилиги болдубу, айтор 552 чакырым ылдамдыкта, 6505 метр бийикте бараткан учак бир капталы түтөп күйгөн боюнча “Манас” аэропортуна эсен-аман конгон.

Количество просмотров: 20