• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Икрамжан Илмиянов камакта калды

11 Аяк оона 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун бөгөт чарасын озгөртүү маселеси сотто каралды. Бул тууралуу анын жактоочусу айтты.

Буга чейин адвокат Илмияновго карата абактан тышкары башка чара колдонуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Бирок сот, абактан чыгарганга негиз жоктугун айтып, өтүнүчтү каккан. Соттун чечими менен Илмиянов 11-ноябрга чейин УМКНын убактылуу кармоочу жайында кала берет.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Количество просмотров: 119