• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкектиктер 23 күн азот менен дем алышкан

13 Жалган куран 20189:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.03.2018. Govori.TV

23 күндүн ичинде Бишкекте абадагы азот кычкылынын ашыкча топтолуусу байкалган. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.

Анда абадагы азот кычкылы январь айына караганда февраль айында көбөйгөн. Анда азот диоксиди 1,83 (NO2) ден 2,0 (NO2) көбөйгөн. Ал эми күкүрт диоксиди жана аммиак 0,04 (SO2) жана 0.25 (SO2) жеткен.

Ушундай эле көрүнүш Ош шаарында да байкалып абадагы күкүрт кычкыл газы 0,06(SO2) 0,08 (SO2) көбөйсө, азот кычкылы 0,75 (NO2) ден 1,0 (NO2) көбөйгөн. Токмок шаарында абанын бузулушунан абадагы күкүрт кычкыл газы 0,04(SO2) 0,06(SO2) га жетсе, абадагы азот кычкылы 1,5(NO2) көбөйгөн.

Белгилей кетсек, азот диоксиди (NO2) дем алуу органдарынын былжырлуу катмарын жабыркатат. Ал көздүн көрүүсүнө жана жыт сезүүгө терс таасирин тийгизип баш ооруну пайда кылып, адамдын кан басымын жогорулатып, сүйлөө речин начарлатат. Мындан сырткары адам көп убакыт азот диоксиди менен дем алса өзүн жоготуп коюшу да мүмкүн. Ал эми күкүрт диоксиди (SO2) астма оорусу менен жабыркагандарды аллергия кылып организмдеги В1 витаминин жоготот. Формальдегид аллергияны пайда кылып  мутацияга алып келчү касиетке ээ. Ошондой эле дем алуу органдарын жабыркатат.

Количество просмотров: 43