• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкектин айрым жерлеринде газ бир айга өчүрүлөт

14 Кулжа 2022 18:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде газ бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу 20-июндан 20-июлга чейин Бишкектин Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиев (Ала-Арча д.), Малышев, Касымалы Баялинов (ЧЧК), Журнальная, Жибек Жолу проспектиси кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

Ошондой эле «Кулжа Бик» ЖЧКсы, «Бай тур» ЖЧКсы, «БЖЭ» от казандарында, «Алькони» ЖЧКсы, «Автомаш Радиатор» ЖЧКсы өндүрүштүк ишканаларында газ берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, газ берүү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан газ өткөргүчтөрдүн өтө эскилиги жеткен жерлерин жана эскирген жабдууларды алмаштыруу боюнча оңдоо иштери менен байланыштуу токтотулат.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 200