Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык балатынын оту 10-декабрда жанат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, борбордук аянтта мурункудай концерт жана салют болбойт.
«Концерт уюштуруу үчүн 4 миллион сом керек экен. Ошондуктан мындан баш тартып жатабыз. Колубуздан келишинче акча коротпой, жасалгалап, ал акчаны үнөмдөп, башка пайдалуу нерсеге жумшасак деп ойлойбуз», — дейт ал.
Түлөбаев балаты мурунку жасалгалар менен кооздолорун белгилеп кетти.