Бишкекте түндүк тарабында 13-ноябрда суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө чейин «Белинский» суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ичүүчү суу төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт: М. Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.