• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт

18 Чын куран 202312:25 Бишкек Govori.TV

20-апрелде Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин «Баш-Кара-Суу» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Сарбан айылында, Жал айылында, Жогорку Орок конушунда, Кашкабаш айылында, 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушунда (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы) суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 72