Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу иликтейт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу аталган аймактарга барат. Алар аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктайт.
Белгилей кетсек, акыркы убакытта Ош, Баткен облустарында коронавирустун жайылышы көбөйдү.