• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин эки конушунда суу болбойт

20 Тогуздун айы 202312:02 Бишкек Govori.TV

24-октябрда Бишкектин эки конушунда суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда саат 9.00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу «Ала-Тоо» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 273