• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

«Бишкекжашылчарба» менен «Бишкексуучарба» бириктирилди

27 Бирдин айы 2024 16:49 Бишкек Govori.TV

«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды.

Мэриядан билдиришкендей, эки ишкана бириктирилип, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы түзүлдү. Аталган ишканага буга чейин «Бишкексуучарбаны» жетектеген Болотбек Одракаев директор болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында конкреттүү жыйынтыкка жетүү максатында мэриянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын түзүмү кайра каралып жатат.

Количество просмотров: 86