• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Бизди түркмөндөргө теңебеңиз». Рысалиев Текебаевди кандай өчүрдү?

21 Тогуздун айы 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Анда депутат Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, жаңы дайындалган өкмөт ант бербегенине токтолуп өттү.

«Биз учурда Конституцияда эмне жазылса ошону так аткаруубуз зарыл. Бизге баардык башка элдер ошону гана айтып, акыл үйрөтүп жатышат. Эми ачык айтып коюш керек. Эки көз караш турат, биринчиси, шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, жаңы келген депутаттар элге берген убадасын аткрып, ким утуп келсе конституциялык реформаны баштай берсин деген. Ал эми экинчиси шайлоону өткөрбөйлүк, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталык, Конституцияны уруп ойнобойлук, элдин талабы деген дегенге жамынып, накта президенттик билик формасын жазайлык дегенди карманышууда. Мен ынанымдуу айта алам, бул убак да өтөт. Мен адамдардын кыймыл аракетинен эле билем эмнеге жөндомдүү экенин, силер да билесиңер. Эгер ошол система өтө турган болсо Өзбекстан эмес, Казакстан эмес Түркмөнстан болобуз. Жүгүнүп кол чаап каламсыңар. Азыр деле бар андайлар», — деди Текебаев.

Ал эми Текебаевге жооп берген депутат Зарылбек Рысалиев кесиптешине кайрылып, «Сиз өзүңүздү сырттан карадыңыз беле?» деди.

«Текебаев мен ар бир депутаттын кыйшайганын билем деп айтты. Сиз өзүңүздү өзүңүз билесизби? Түркмөндөрдүн системи менен теңеп, түркмөндөр менен коркутуп жатасыз. Биз кыргызбыз. Бизди аларга теңебеңиз. Биз коркуудан өткөнбүз», — деди Рысалиев.

Мындан тышкары Рысалиев Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, корко турган эч нерсе жок экенин айтып, ишин аткара берүүгө чакырды.

Ал арада депутат Жанар Акаев ордунан Рысалиевге: «Мурунку президентти Манаска теңедиңиз эле», — деп жооп узатты.

Ал эми Рысалиев ага жооп кайтарып, «Текебаевдин үрөөнөк иттери» деген жерден микрофон өчүп калды.

Количество просмотров: 9725