Анни Ант аттуу фейсбук колдонуучу жан дүйнө кыйкырыгын төмөнкүдөй билдирди.
«Короодогу килейген таштарды көрсөтүп, үйлөрдү, унааларды, эгин талааларын сел каптап жатат» деп иним бир топ видеолорду жиберди. Эл түнү менен уктабай, бири-бирине жардам берип, күндүзү айылга тоодон карагайларды алып келип, бир нече үйдү чоң таштардан сактап калышты. Карагай-Булак дарыясынын үстүндө токтоп, алар үчүн тосмо болду!
Ооба, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен куткаруучулар бар, бирок техника жетишсиз. Эл бири-бирине жардам берип, түнү менен уктабай, күндүзү короолорду аралап жүрүштү. Бирок бишкектиктер унчукпайт, селден жабыркаган элди ойлобойт. Балким ошондон улам жаратылыш адамдарды эсине келтиргиси келип, кырсыктарды жиберип жаткандыр.
Кудайга шүгүр, алар мынчалык кыйратуучу эмес, бирок мен эмнени айтып жатам? Селдин кесепетинен адамдар үй-жайсыз калып, бир нече айыл боз массага айланды.
Ар бир адам эс алганы келгенде «биздин Ысык-Көл» деп жазып, сүрөттөрүн чыгарышат. Алар башкалардын кайгысын ойлобогону аз келгенсип, комментарийге “Ысык-Көлдүктөргө акы төлөнүүчү туалет керек, жүгөрү 50 сом, тамак-ашы кымбат, 3 ай иштеп тапканыңарга эми оңдоп алгыла” деп жазып жатышканы жан күйгүзөт.

Андай болсо келбе! Анын үстүнө пансионаттар жана эс алуу үйлөрүнүн баары көлдүктөргө тиешелүү эмес!
Адам болгондон кийин бири-бириңерге кайрымдуу болгула. Жок дегенде “ушуну көрмөксүңөр, 3 айда тапканыңар бир жериңерден чыгып жатабы?” деп жазбагыла. Пайда келтире албасаңар да жок дегенде унчукпагыла.
Темир айылы Жамал Сейдакматова, Чалагыз Исабаев, Актан Исабаевдер, Самара Токтакунова, Гүлшан Молдоевага окшогон уул-кыздары менен сыймыктанат.
Анан дагы Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы депутаттары, керек болгондо боз үйүн, муздаткычынан бери ала чуркап, элди өзүңөргө добуш берүүгө үндөбөгүлө! Менин жердештерим силерге нааразы. Кийинки шайлоодо мунун баарын эсиңерге салабыз.
Урматтуу бийлик өкүлдөрү, Ысык-Көлдүн жашоочулары тууралуу жагымсыз сөздөрдү байма-бай жазып жаткандарга көңүл бурууну суранам.