• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бодо малды мыйзамсыз экспорттоо боюнча коррупциялык схема аныкталды

30 Чын куран 2022 12:27 Бишкек Govori.TV

КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынан ири жана майда мүйүздүү мал-жандыктарын тиешелүү ветеринардык иш-кагаздарын жасалмалоо менен экспорттоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т.нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды.
Тактап айтсак, аталган Ш.Н.Т. акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган.

Ш.Н.Т. жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты.

Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 1014