• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

18 Бирдин айы 2023 12:41 Бишкек Govori.TV

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү аба-ырайынын жогорулашына байланыштуу саат 15:00 чамасында Талас облусунун, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы жааган карлар ээрип арыктардан суулар ашып, 17 турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Ошондой эле Шадыкан, Ынтымак айылында тоо этегинен ээриген карлар 3 турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 6 куткаруучу Боо-Терек айылына, Бакай-Ата РМАнын башчысы-акимдин орун басары жана Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 1 офицер Ынтымак айылына тартылган.

Количество просмотров: 159