11-августта жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалымдап, режим 13-августка чейин алынышы ыктымалдыгын билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-августта аймактагы сел каптаган 60 үйдүн 41и тазаланганын, учурда суу кирген үйлөрдү тактоо иши уланып жатканын маалымдады.
11-август күнү саат 22:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Бактуу-Долоноту айылындагы 60тан ашуун үйгө суу кирген. Сел төрт унааны агызган, үч көпүрө бузулган.