Боом капчыгайында атайлап таш түштүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
Коопсуздукту сактоо максатында атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда унаалардын бардык түрүнө саат 09:00дөн 15:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилип турат.