Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын болжол менен 145-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жамгыр суулары жолду каптап, унаа өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Кошумчалагандай, жерине куткаруучу топ жана атайын техника тартылган.