• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Боомдо сел жүрүп, жолдо тыгын жаралды (видео)

26 Теке 2020 17:16 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында сел жүрүп, унаа жолду суу каптады. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарда тарады.

Анда жолду суу каптагандан улам, унаалардын тыгыны жаралганын жана кыймыл жайлап калганын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын болжол менен 145-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жамгыр суулары жолду каптап, унаа өтүүгө кыйынчылык жаралган.

Кошумчалагандай, жерине куткаруучу топ жана атайын техника тартылган. ӨКМден абал боюнча кошумча малымат бериле тургандыгын билдиришти.

Количество просмотров: 1229