• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Борбордук Азиядагы алгачкы аял-хирург Какиш Рыскулова дүйнө салды

27 Баш оона 201815:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV
Борбордук Азиядагы алгачкы аял-хирург, академик, билим берүүнүн отличниги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери жана ишмери, медицина илимдеринин доктору, профессор Какиш Рыскулова 100 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан билдиришти.
Какиш Рыскулова 15-октябрда 1918-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда төрөлгөн. 1934-жылы Фрунзедеги республикалык медициналык училищеге тапшырган.
Какиш Рыскулова 250дөн ашуун илимий эмгектин, 13 монографиянын, 11 ачылыштын автору.
Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта Кыргыз драма театрында саат 10до болот.
Количество просмотров: 41