• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Боронов Аравандагы жаңжалды иликтөөнү тапшырды

21 Аяк оона 20209:53 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Количество просмотров: 53