Бүгүн, 2-июлда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берип жатат.
Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн жана чет өлкөлөрдөн жалпы 645 млн доллар каражат тартылууда.
«Социалдык тармактарда, айрым сайттарда кызуу талкуулар жүрүп жатат. «600 миллион долларга жакын акча каражаты Кыргызстанга келип түштү, өкмөт, аткаминерлер ошол акчаларды кайда кетиргени белгисиз, жеп жатат, ичип жатат» деген маселелер абдан көп. Президенттин сүйлөшүүсү менен сырттан алынып келип жаткан акчанын бүгүнкү күндө 291,9 млн доллары келип түшкөн. Бул бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө. Калган акча каражаттар да келүүсү күтүлүүдө. Жеп-ичип алды деген сөздөр… Мен премьер-министр катары айтып коюуга милдеттүүмүн, андай маселе жок», — деген Боронов келген акчалар тууралуу отчет берилип жатканына карабай эл арасында ушак тараганын кошумчалады.
«Элдин акчасын жегенге, ичкенге жол бербейбиз. Атайын кызматтар башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин катуу көзөмөлдөп, иштеп келе жатышат», — деди ал.