• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Боронов эпидемиологиялык абал оор болгон аймактарды атады

28 Теке 202015:44 Бишкек Govori.TV

Аймактарда эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусу, Ош шаары жана Ысык-Көлдө абал оор бойдон калууда.

“Айрыкча Ысык-Көл облусунда жайкы эс алуу мезгилинин келиши менен туристтердин саны көбөйдү. Июнь айында 3 миңдей адам көлгө барса, 20-июлга карада эс алууга баргандардын саны 10 миңге жетти. Ошондой эле Ысык-Көлдө жүрүп ооруп калган учурлар да катталууда”, — дейт ал.

Боронов аймактардагы эпидабалды жөнгө салуу жана алдын алуу боюнча өкмөт тиешелүү иштерди аткарып жатканын айтат.

“Илдетке кабылган жарандардын саны азайганы байкалууда. Алсак, 22-июлга карата өлкөдө коронавирусту жалпы 1 миң 108 адам жуктурган. 24-июлга карата ал көрсөткүч 921ге төмөндөгөн. 26-июлда 689 учур катталган. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 545 учур катталды”, — деп белгиледи Боронов.

Количество просмотров: 3408