• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Боронов шайлоого аттанган партияларды кыйын кырдаалда элге жардам берүүгө чакырды

2 Теке 202015:45 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн кайрылуу жасап, шайлоого аттанган партияларды кыйын кырдаалда элге жардам берүүгө чакырды.

Өкмөт башчы кандай гана саясий максаттар болбосун, массалык топтолууларга жол бербөө керектигин белгилейт.

«Саясий партияларды шайлоого жумшай турган каражатыңарды COVID-19 пандемиясы менен күрөшкө берүүгө чакырабыз. Кыйналып турган эл эмгегиңиздерге жана салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенемин. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз», — деп кайрылды Боронов.

Аны менен катар премьер-министр саясий жана башка мотивдерди артка калтырып, бар күчүн эпидемиологиялык абалды басаңдатканга жумшоого чакырды.

Количество просмотров: 34