• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Боронов тез жардам жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүүнү тапшырды

28 Кулжа 2020 14:58 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов 27-июнда республикалык штабда жыйын өткөрүп, Бишкекте жеке лабораторияларды, Тез жардам кызматтарын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары мамлекеттик органдардын карамагындагы «Тез жардам» унааларын жана тиешелүү адистерди, эпидемиологиялык абал жакшы райондордун Тез жардам кызматтарын да Бишкекке тартууну талап кылды.

“Кызмат алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай койгон же көчөдө 1,5 саат күттүргөн фактылар болбосун. Оорулууну жаткыруу чечимин кабыл алган Тез жардам кызматынын дарыгери убакытты текке кетирбестен, аны кайда алып барарын билиши шарт. Ошол эле учурда ооруканалар COVID-19га текшерилгендиги тууралуу маалымкатты талап кылбашы керек», — деди Боронов.

Штабдын жыйынында Бишкектин Тез жардам кызматына Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 9 унаа берилери маалым болду.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ооруканаларда кошумча орундарды даярдоону жана бошотууну, бул ишке жеке клиникаларды тартууну тапшырды. Ал ошондой эле менчик лабораториялар вируска анализ ала баштоосун уюштурууну талап кылды.

Коронавируска каршы Республикалык штаб жарандарды санитардык талаптарды бекем сактап, муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого чакырды.

Бишкек шаарында Тез жардам кызматына, ооруканалардын кабылдамаларына нааразылыктар күн санап өсүүдө. 26-июнь күнү өпкөсү кагынган 50 жаштагы жаран бир да бейтапкана албай койгондуктан, оорукананын алдында жан берген.

27-июнда бир суткада коронавирус жуктурган 309 адам катталган. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

28-июнда COVID-19 жуктурган 235 адам жаңы катталды.

Количество просмотров: 315