• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бороон-чапкын. Бишкек-Ош унаа жолу жабылды (видео)

17 Чын куран 202315:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км бөлүгү эки тараптуу (п.Сосновка/Төө-Ашуу) бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды. №9 ЖТИ кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Количество просмотров: 151