• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Босого чекти 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды

18 Кулжа 2020 11:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Парламент депутаттары сунушталган демилгени көп талкуулаган жок.

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 95