Казакстандагы июнь айында эркек киши шиш така менен боз үйдө бийлеген видео клип социалдык тармакта тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.
Алматы облусуна караштуу Карасай районунун полициясы улуттук кийимчен жана шиш така кийип бийлегендерге карата кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Казакстандын Кылмыш кодексинин 174-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Мажилистин депутаттары да эркек кишинин аялдын улуттук кийимин кийип, боз үйдө бийлеп жатканы тартылган видеоклипке нааразылыгын билдиришкен. «Бул казак элинин баалуулуктары менен салт-санаасына каршы” келе турганын айтып чыгышкан. Айрым депутаттар боз үйдө бийлегендерди “жалпы элди кемсинтүү” деп атап, аларды жазалоону талап кылышкан.
Бийчилер дин бири хореограф Алишер Султанбекулы ал видео улутту кемсинтүүгө кирбей турганын айткан.