• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жо Байден коштошуу сөзүндө көзүнө жаш алды

21 Баш оона 20242:25 Бишкек Govori.TV

Жо Байден дүйшөмбү күнү Чикагодо өткөн Демократиялык партиянын улуттук курултайында коштошуу сөзүн сүйлөп, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду.

Сөз алдында Камала Харрис сахнага күтүүсүз чыгып, ага «укмуштуудай» президент болгону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жо, тарыхый лидерлигиңиз үчүн, элибизге өмүр бою кызмат кылганыңыз үчүн жана мындан ары да жасап жаткан иштериңиз үчүн рахмат. Биз сизге түбөлүк ыраазыбыз»-деди.

«Мен да сени жакшы көрөм», — деп 81 жаштагы президент көзүнө жаш алды. Партиялаштары да «Биз сизди жакшы көрөбүз», — дешти.

Партиянын мүчөлөрү бир айга жетпеген убакыт мурун аны жаш курагына байланыштуу президенттикке талапкерлигин коюудан баш тартууга аргасыз кылышкан.

Байден өзүнө жана бир нече жуманын ичинде президенттик жарыштын агымын бура алган Харриске кайрылып: «Биз экөөбүз тең алдыда көп жол бар экенин билебиз, бирок биз туура багытта бара жатабыз» деди.

Американын вице-президенти болгон Камала Харрис Демократиялык партияга жаңы дем берип, коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгында республикачылардын лидери Дональд Трамптан ашып өттү.

Ал Байденге анын жарым кылымдык саясий карьерасындагы эң оор учурлардын бири болгон, атүгүл курултайдын акыркы күнүндө сахнага чыгышын талап кылган салтты бузуп, ага чоң урмат көрсөттү.

Количество просмотров: 203