АКШнын Сан-Франциско шаарында 1907-жылдын 4-мартында жарык дүйнөгө келген Браняс 2023-жылдын январында дүйнөдөгү эң кары адам катары катталган. 117 жаштагы Мария Браняс Морера Испаниянын Олот шаарында көз жумду.
Бранястын үй-бүлөсү X баракчасына «2024-жылдын 19-августунда Мария Браняс 117 жаш 168 күн жашаган соң дүйнөдөн кайтты. Өзү каалагандай уктап жатып, кыйналбай кете берди», деп жазышты.
Ал эми баш кеңсеси Америкада жайгашкан Геронтология изилдөө тобунун билдирүүсүндө, Бранястын өлүмүнөн кийин 116 жаштагы япониялык Томико Итооканын дүйнөдөгү эң кары адам болушу мүмкүн экени маалымдалды.
Браняс 2023-жылдын январь айында 118 жаштагы француз Люсиль Рэндон каза болгондон кийин Гиннестин рекорддор китеби тарабынан дүйнөнүн эң кары адамы болуп тандалган.