• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дональд Трамп ок өткөрбөс кабинада сүйлөдү

22 Баш оона 202422:04 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти жана Республикачылдардын президентикке талапкери Дональд Трамп 14-июлдагы кол салуудан кийин Түндүк Каролина штатында ок өткөрбөс кабинада сөз сүйлөдү.

Трамп сөзүндө атаандашы Демократиялык партиядан президентикке талапкери, вице-президент Камала Харристи сынга алып, «Харрис чек араларды ачкысы келет. Эгер ал президент болуп калса, 4 жылдын ичинде Түштүк Америкадан эле эмес, дүйнөнүн ар тарабынан 60 — 70 миллион адам келет. Ал президент болсо, үчүнчү дүйнөлүк согуштун кепилдиги болот»,- деди.

Ошондой эле АКШнын мурдагы президенттеринин бири Барак Обаманын ал тууралуу айтканын сындап, «тарбиясыз» деп айтты.

«Ар дайым саясатка баш ийгиле, жекелештирбегиле дешет. Бирок, түнү менен өздөрү жеке пикирлерин айтышты. Мен саясатка баш ийгенге мажбурмунбу?» деди.

Эске сала кетсек, Дональд Трампка кол салуу аракети 14-июлда болгон. Томас Мэттью Крукс АКШнын мурдагы президенти сүйлөп жаткан трибунадан 120 метрдей аралыкта жайгашкан имараттын чатырынан сегиз жолу аткан. Анын натыйжасында Дональд Трамп оң кулагынан жарадар болгон. Аны өлтүрүү аракетинен кийин АКШнын жашыруун кызматынын башчысы кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 104