“Боз салкын” тасманын экинчи бөлүгү тартылат. Бул тууралуу режиссёр Эрнест Абдыжапаров социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, ценарий жазылып бүтүп, учурда “Ак салкын” тасмасына кастинг жүрүп жатат.
«Тасма Жаңы жылда тартылышы керек, себеби финал 31-декабрда саат 12:00дө болмокчу. Мурдагы актёрлор катышабы, катышпайбы, азырынча чече элекбиз. Балким, эпизоддордо көрүнүп калышы мүмкүн. Бирок, башкы каармандар жаңы”,- деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, “Боз салкын” тасмасы 2006-жылы тартылган.