4-октябрдагы шайлоодо ар бир шайлоо участогунда начар көргөн шайлоочулар үчүн ушундай чоңойтуп көрсөтө турган лупалар болот.
ШКУлар 2444 лупа алышат. Бул Френель линзасы менен жалпак лупалар ийкемдүү, соккуга туруштук бере алчу оптикалык пластиктен жасалып, алар үч эсе чоңойтуп көрсөтө алышат.
Ошондой эле шайлоо 4888 участоктору көрүүсү начар шайлоочулар үчүн Брайль шрифти менен басылган бюллетендерди ошончо сандагы бюллетень үчүн трафареттерди да алышат.