• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

БШК 6-ноябрга чейин жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат

9 Тогуздун айы 202014:42 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жокко чыгарган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

«КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо жокко чыгарылса, БШК бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындап, аны шайлоо комиссиялары өткөрөт.

Мындан улам БШК 2020-жылдын 6-ноябрына чейин жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Количество просмотров: 91