Бүгүн, 1-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн, ошондой эле референдумду өткөрүү үчүн бюллетендер шайлоо тилкелерине жиберилет. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бюллетендер чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине да жеткирилет.
Белгилей кетсек, 11-апрелде референдум менен бирге жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтөт.