Борбордук шайлоо комиссиясы «Ыйман Нуру» партиясынан депутаттыкка талапкер болуп катталгандардын тизмесинен алты кишини чыгарды.
Алар Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков жана Алтынай Уранбекова. Боршайком алар өздөрү берген арыздын негизинде тизмеден чыгарылганын билдирди.
БШК 7-сентябрда ушундай эле арыздын негизинде «Социал-демократтар» партиясынан шайлоого бараткан Эрмек Океновду талапкерлердин тизмесинен алды. «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болуп катталган Дастан Алымбекович да тизмеден чыгарылды.