• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

БШК дагы 113 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

29 Бештин айы 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйынында төмөнкү ар кандай миссиялардын 113 өкүлүн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо токтомун кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү кабарлайт.

1 Индонезиянын башкы шайлоо комиссиясынан — 2

2 КМШ ПАА — 18

3 ШКУ — 14

4 ТүркПА — 9

5 ИКУ (ОИС) — 3

6 ОДКБ ПА — 9

7 ЕККУ ПА — 52

8 КМШ миссиясы — 6

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.

2020-жылдын 28-декабрына карата КР БШКсы тарабынан дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 31 эл аралык уюмдардын атынан 311 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

Количество просмотров: 45