• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады

21 Жетинин айы 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында түзүлүп, «Тизме» — https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын акыркы тизмелери добуш берүү күнүнө жети календардык күн калганда шайлоо участкаларынын стенддеринде илинет. Жалпысынан 2 миң 494 шайлоо тилкеси ачылса, анын 59у чет өлкөдө, Кыргызстанда 2 миң 435. 11-апрелде өткөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча референдумга катышкандардын санына (3 млн 606 миң 201) салыштырмалуу шайлоочулардын жалпы саны 97 миң 219 шайлоочуга көбөйгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 703 миң 420 шайлоочу кирсе, анын ичинен 84 миң 128 шайлоочу чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларындагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында жарыяланган алдын ала тизмедеги шайлоочулардын санына (3 млн 686 миң 921) салыштырмалуу 16 миң 499 шайлоочуга көбөйгөн.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 адамды түздү (чет өлкөдө катталган шайлоочуларды эсепке албаганда). 9-сентябрда жарыяланган бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча алдын ала тизмеге салыштырмалуу (3 млн 617 миң 591) 1701 шайлоочу көбөйгөн.

Количество просмотров: 975