• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

БШК: Формачан бажы кызматкери шайлоо тилкесинде турат деген маалымат текшерилет

4 Тогуздун айы 202019:19 Бишкек Govori.TV

Формачан бажы кызматкери шайлоо тилкесинде турат деген маалымат текшерилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкери шайлоо тилкесинде турат деген маалымат ага оозеки түрдө түшкөн.

«Ал маселе БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна тапшырылды. Ал жакта бажы кызматкери эмне кылып жатканын текшерүү керек. Алар укук коргоо органдарынын катарына кирбейт. ИИМдин кызматерлеринен башка УКМК, Каржы полициясы, Башкы прокуратура же соттор шайлоо тилкесинде тура албайт», — деди Шайназаров.

Количество просмотров: 48