• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Тойдо ууланып ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө

3 Чын куран 2018 14:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV

Бүгүн 3-апрелде тойдон ууланып кайрылгандардын саны 195ге жетти алардын 192 ооруканага жаткырылды. Мындан сырткары башка региондордо  30дан ашык адам ооруканада жатат. Бул туурасында  Govori.TV сайтына саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдирди.

“ «Ала-Тоо» ресторанындагы тамактан ууланып кайрылгандардын саны  учурда 192ге жетти. Башка региондодо 30дан ашык адам дарыланып жатат. Абалдары орточо.  Керектүү дары-дармектер азырынча жетиштүү» -дейт басма сөз борборунан.

Эске сала кетсек,  31-марта “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарындан келген 190 адам катышкан үйлөнүү той өтүп, тойго келгендер тооктун этине ууланганы кабарланган.

Бул боюнча УКМК атайын тергөө ишин баштап, «Ала-Тоо» рестораны убакылуу жабылган.

Количество просмотров: 35