• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

БШК «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтармай болду

25 августа 2020 в 19:01 Бишкек Govori.TV

“Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына берген документтери кайра кайтарылып берилмей болду. Мындай чечимди БШК бүгүн, 25-августтагы жыйынында кабыл алды.

Буга документтердин партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коштоосусуз келгени себеп болду.

Ал эми «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канат Исаев эгер партия шайлоо жарышынан четтетилгенине байланыштуу сотко кайрыла турганын билдирди.

Эскерте кетсек, БШКнын жумушчу тобу буга чейин “Кыргызстан” партиясынын документтерин кайтарып берүүнү сунуш кылган болчу. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлү ден- соолугуна байланыштуу келе албай калганын айтып түшүндүргөн.

Количество просмотров: 715