• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алды

2 Аяк оона 202021:51 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырды
Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкерлердин тизмесин кабыл алды. Бул тууралуу партиянын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Эске салсак, 1-сентябрда Жогорку сотто “Кыргызстан” партиясынын иши боюнча соттук отуруму өтүп, сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган.

Количество просмотров: 119