• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

БШК Равшан Жээнбековду талапкер катары каттоону создуктуруп жатабы?

27 Тогуздун айы 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган абактагы саясатчы Равшан Жээнбековду БШК каттоого ала элек. Бул тууралуу Жээнбековдун баласы Азат Равшан Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуу үчүн талапкер болуп катталууга талап кылынган документтердин топтомун 13-октябрда БШКга тапшырып, 15-октябрда талапкердин күрөөсүн банктагы ачылган эсепке салган. БШК булар боюнча тастыктоочу документин берген.

«Равшан Жээнбеков документтерин жана күрөөсүн тапшыргандан бери 12 күн өттү. Тилекке каршы, БШК аны дагы деле каттоого ала элек. Конституциялык мыйзамдын талабы боюнча БШК талапкердин арызын жана документтерин кабыл алгандан жана күрөө төлөнгөндөн кийин 10 күндүн ичинде талапкердин документтерин текшерип, каттоого алышы керек»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган.

Количество просмотров: 110