• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БШК: Референдум өттү деп эсептөөгө болот

10 Үчтүн айы 2021 19:20 Бишкек Govori.TV

Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33%ы референдумга добушун берди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 1 млн 178 миң 656 жаран добушун берди.

Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоочулардын 30%дан ашыгы добуш берсе, референдум өттү деп таанылат.

Аймактар боюнча алганда Бишкекте 131 миң 35, Ош шаарында 56 миң 659, Жалал-Абад облусунда 224 миң 10, Ысык-Көл облусунда 120 миң 319, Нарын облусунда 73 миң 478, Ош облусунда 245 миң 559, Талас облусунда 49 миң 412, Чүй облусунда 167 миң 266, Баткен облусунда 101 миң 49 жана чет өлкөлөрдө 9 миң 869 жаран добуш берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Количество просмотров: 317