• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33,13 пайызы добуш берди

10 Үчтүн айы 2021 19:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышкандардын саны саат 18:00гө карата 33,13 пайызды түздү. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1 миллион 178 миң 656 шайлоочу добуш берген. Эң көп шайлоочулардын саны Ысык-Көл облусуна туура келет — шайлоочулардын 39,20 пайызы өз добуштарын беришти. Шайлоочулардын эң аз саны Чүй облусунда болду — 28,29 пайыз.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчун референдум өтүп жатат. Шайлоочулар 17 талапкердин арасынан тандашат.

Количество просмотров: 186